www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүк делегациянын башчысы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинини жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, түшүндүрүү иш-чараларынын планына ылайык, өкмөттүк делегация башчысы жана атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чектеш аймактарына барышып, анда калк менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган Протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп беришет.

Планга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-мартында саат 11.00дө Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын жергиликтүү калкы менен «Чечме» участогу боюнча жолугушуу өтөт. 

Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында саат 17.00дө Өзгөн райондук административдик имаратында Кемпирабад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт. 

Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында саат 14.00дө Ала-Бука райондук административдик имаратында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен тилкелер боюнча жолугушуу өтөт.

Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык Протоколго кол коюлган, ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер территорияларды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости