www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамин Акималиев: “Туңгуч конституция абдан жакшы болгон”

“Туңгуч конституция абдан жакшы болгон”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев.

--“Биз депутат болуп турган кезде тартип бар эле. Азыр андай жок, мыйзамдын баркын кетирип коюшту. Мунун баарын биз мактап президент кылган адам Аскар Акаев бузуп койду. Туңгуч конституция абдан мыкты болгон. Биринчи кезекте эл менен эсептешкенбиз, коомчулук менен талкуулап, кеңешкенбиз. Улуттук өзгөчөлүктү кабыл алганбыз. Эл аралык тажрыйба колдонуп түзүлгөн. Аны менен 2 жыл иштедик. Бирок Акаев жаңы түздүртүп, тескери мыйзамды кабыл алды. Андан кийин эле кийинки бийликке келген адамдар улантып кетти. Бул мыйзамды сыйлабастык дегенди түшүндүрөт. Ошону менен анын баркы кетти, эл дагы колдобой калды”, - дейт академик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости