www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Ташиев, сиз Мадумаровдун катасын кайталабаңыз!

Камчыбек Кыдыршаевич, Сиз Мадумаровдун катасын кайталабаңыз!

Казакстан менен чек араны тактоо маселеси дүйнөлүк тажрыйбаларга жана эл аралык нормаларга таянып чечилгенинде шек жок! Ошол кездеги трайбалист оппоненттер: «Мадумаров Каркыраны Казакстанга сатып жиберди» деп каралап жиберишкен. Ал куру доомат, каралоолор күнү бүгүнкүгө чейин өчпөй, ар шайлоодо актуалдуу болуп келе жатканын өзүңүз да билесиз!

Мен Адахан Мадумаров жактоочусу, тарапташы же тууганы болбосом дагы мындай ак жерден каралоо туура эмес деп эсептейм!

Урматтуу генерал-лейтенант Камчыбек Кыдыршаевич! Сиз бүгүнкү күндө чек ара боюнча эң жогорку жоопкерчиликти мойнуңузга алдыңыз. Тажикстан жана Өзбекстан чегарасы деле Казакстан чегарасындай болуп чечилет. Кайсы бир жерлер алмашылат, тең бөлүнүп алынат же кайсы бир келишимдер менен алмашылат ж.б.у.с.

Бирок, кайсы бир мезгилде оппоненттериңиз менен трайбалист, бузукулардын арасында Сизди да «бул жерди Ташиев сатып жиберген» деп каралагандар чыгып калышы мүмкүн. Анткени, азыркы «саясий элита» өтө эле булганып кетти! Элге сиңирген эмгеги менен таза күрөшпөй, «хайп», жеңил пиар, куру доомат, бирөөнү каралап ушак таркатуу көнүмүш адатка айланды!

Урматтуу генерал Камчыбек Кыдыршаевич, Сиз Мадумаровдун катасын кайталабаңыз! Сиздин жаман аттуу болуп тарыхта калууңузду мен каалабайм!

Ошондуктан, чек ара боюнча делегацияга оппозиция менен жарандык коомдун өкүлдөрүнөн дагы кошуңуз! Же болбосо, чек ара боюнча атайын Республикалык Коомдук Кеңеш түзүңүз. Бул ККга бүтүндөй чек арага кайдыгер эмес жарандык активисттерди, НПО жана ММК өкүлдөрүн, Оппозициячыл саясатчылардын баарын кошуңуз! Анан коңшулар менен болгон ар бир сүйлөшүүнү, ар бир иш боюнча тыкыр маалымат берип туруңуз. Ачык-айкындуулукту камсыз кылыңыз! Анткени, бул келечекте өз репутацияңызды таза сактап калуу.

Алмазбек Сардеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости