www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев менен Туманбаев таасир талашууда

Өткөн аптанын ишемби, жекшемби күндөрү Аксыда чоң майрам болду. Меценат, аксынын белдүү жигиттеринин бири Каныбек Туманбаев элди ынтымакка чакырып, эрендердин оюну улак, күрөш өткөрдү.

Көчмөн элдин духун көтөргөн улуттук оюндар кызуу өттү. Башкы коногу баягы муфтий Максат ажы Токтомушев болду. Ошол эле күнү Сузактын Барпы айылында кадимки Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев катар-катар машиналар менен төрт түлүк малдан байгеге арбын сайып, акча таратып, балдарына той өткөрдү.

Коңшу өлкөлөрдөн бери коноктор келишиптир. Тойду Камчыбек Ташиев баштап, элге жалындуу сөз сүйлөдү. Чогулган көпчүлүк оюн көрүшүп, бата да беришип, аламан улак тартышты. Бул катар өтүп жаткан оюндарда, чыгашалуу тойлордо саясаттын жыты да жок, болгону элдин ынтымагын бекемдөө дешкени менен артында алдыдагы аламанды байкоого болот.

Алдыдагы шайлоого болгон даярдык, таасир талаш. Эл акылдуулук кылып, той-топур, көк пакет дегенден арылса болот эле. Билгенге бул элдин деңгээли ушул эле дегени да.

Булак: "Факты.kg"

Последние новости