www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков үй-бүлөлүк себептерден улам кызматын тапшырды. Бул туурасында чиновник жергиликтүү маалымат булактарынын бирине айтып берген.
Буга чейин коомчулукта Жеңиш Разаков көптөгөн талкууларга себеп болуп, аны айрымдар сотко беришкендиги маалым.
Анын айтымында кызматтан кетишине коомчулуктун сыны таасир этпеген.
"Үй-бүлөлүк себептерден улам кызматтан кетүүнү чечтим. Үй-бүлөнү дагы карап коюшум керек. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алдым. Азырынча мамлекеттик кызматтардан алыс болуп турам. Ал сындар боюнча өзүңөр билесиңер да. Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарынан, тармактык комитеттерине барып, түшүндүрүп айттык. Мага каршы чыгып жаткандарды көрүп жатасыңар, бирөө соттолуп кетүүдө, башкасын жарандык тартипте сот менин пайдама чечип берип жатат. Эми айтылгандын баары фейк, жалган маалымат да. Мен аны эсепке алган жокмун", — деди Разаков.
Шайлоого катышпай тургандыгын жана үй-бүлөсүнө убакыт бөлүүнү чечкендигин белгилеп өттү.
Жеңиш Разаков вице-премьерлик кызматты 2018-жылдын 20-апрелинен баштап аркалап келген. Анын көзөмөлүндө күч түзүмдөрү жана чек ара маселелери турган.
Булак: NazarNews.kg