www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоодо кайсы бир партиянын пайдасына мамлекеттик ишканалардан акча чогултулганы тууралуу иш боюнча маалымат берди. 24-декабрда ал журналисттердин президенттин парламенттеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финпол) мурдагы жетекчиси Бакир Таировдун кармалышы боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

“Курманбек Дыйканбаев бир мамлекеттик ишканадан 7 миллион сомго чейин акча алган. Ишкананын башчысы, ошол жерде берген адамдар мунун баарын толук тастыктаган. Кайсы ишкана экенин айтпай эле коеюн. Экинчиден, Соцфонддун жетекчилери ар бир райондук башкармалыктан 40-45 миң сомдон акча чогултуп, бир партияны каржылашкан. Өзүлөрү арыз берип жатышат. Ушул эле маселе Мамлекеттик каттоо кызматында да болгон. Кол астындагылардан акча чогултуп беришкен. Айрым жетекчилер кармалды, алардын артынан Таиров камалып отурат”.

10-декабрда УКМК Таировду камакка алып, ал октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек саналып жатканын билдирген. Атайын кызмат ушундай эле шек менен 24-ноябрда Дыйканбаевди да кармаган. Алар өзүлөрү же жактоочулары коюлган айыптар тууралуу комментарий берише элек.

Дыйканбаев шайлоого «Биримдик» партиясынын тизмеси менен катышып, анын шайлоо фондуна 1 миллион 500 миң сом которгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости