www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мугалимдерди кайсы бир талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, мугалим иш убактысынан сырткары КР жараны катары президенттикке талапкерлердин үгүт иш-чараларын көрүүгө бара алат.
"Бирок аларды мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Ошондой эле мугалим ишинен убактылуу бошонуп, шайлоо комиссиясына иштей алат", - деди ал.
Жусупбекова белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мугалимдерди тигил же бул талапкерди шайлаттырууга мыйзам жол бербейт.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg