www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандык керектөөчүлөр Ташкендеги дүкөндөрдө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан сүт тартыштыгы пайда болуп жатканын билдирүүдө.

Соцтармак колдонуучуларынын жазышынча, супермаркеттердин текчелеринен "Лактел" жана "Мусаффо" сүт бренддери көрүнбөй калды.

"Озодлик" радиосу Ташкендеги супермаркеттердин бири жергиликтүү өндүрүштөн чыккан сүттү бир күндө бир кишиге үч-төрт пакеттен ашык эмес өлчөмдө гана сатып жатканын аныктады.

Орусия жана Балтика өлкөлөрүнөн импорттолгон сүт жергиликтүү брендерге караганда 30-40% кымбат.

1,5% майлуулуктагы "Простоквашино" сүтү 2,2 доллар болсо, жергиликтүү "Лактель" менен "Мусоффо" сүттөрү 1,3 доллар турат.

– Эки аптадан бери жергиликтүү өндүрүштөн чыккан сүт азыктары келе элек. Сүттөрдү куя турган кагаз кутулар боюнча маселе жаралганын айтып жатышат, - деди "Макро" супермаркетинин кызматкери.

Маалыматка караганда, пакеттелген сүттөрдүн кымбатташына жана тартыштыгына швед-швейцариялык Tetra Pak компаниясынын Орусияда ишин токтоткону себеп болгон. Tetra Pak азык-түлүк продукцияларын таңгактоочу, куюучу материалдарды жасаган дүйнөлүк ири компания болуп эсептелет.

Өзбекстанда азык-түлүк өнүмдөрүн орой турган материалдарды чыгарган компания жок. Украинада согуш башталганга чейин бул материалдар Өзбекстанга Орусиядан жеткирилип турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости