www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү бийликтин чечими менен Ташкенттин Шайхантахур районундагы №40 жана №262 мектептердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматынан мектептердин убактылуу жабылышына анда эмгектенген мугалимдерде коронавирус аныкталгандыгы себеп болгонун билдиришти.

«Буга байланыштуу биз мугалимдер менен ата-энелерди ашыкча тынчсызданбоого жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен адаттагыдай жашоо образын улантууга чакырабыз. Жабылган мектептер дезинфекциялык иштер аяктагандан кийин ишмердүүлүгүн кайра улантышат», — деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, 9-сентябрда Элдик билим берүү министрлиги мектептердин ишин калыбына келтирүү тууралуу чечимдерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары гана кабыл аларын билдирген. Ошол эле маалда мектептердеги санитардык-эпидемиологиялык абал жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун корутундусу эске алынары айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости