www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялынын көзүнө чөп салып, ойнош күткөн эркектерде жүрөктүн токтоп калуу коркунучу көп экени белгилүү болду. Бул тууралуу e-psikiyatri.com жазды.

Флоренция университетинин окумуштуулары “үй-бүлө сыртындагы мамиле, эркектердин ишенимсиздиги” сыяктуу темаларды камтып, мурда жасалган бир нече изилдөөнү карап чыгышты. Анын жыйынтыгында жубайынын көзүнө чөп салуу, эркектердин ден соолугуна терс таасир берүү менен стресске, өзүн күнөөлүү сезүүгө алып келери далилденди.

Жасалган изилдөөлөргө байкоо салган окумуштуулар үй-бүлөсүнөн тышкары мамиле курган эркектердин күтүүсүз жүрөгү токтоп, каза болоорун байкады. “Journal of Sexual Medicine” журналына жарыяланган бул макалага ылайык, никесиз мамиле куруу ойноштун жубайынан жаш болуусу, өтө мас болуп калуу абалы менен байланыштуу. Мындан сырткары жашыруун мамиле түзүү кан басымды көбөйтүп, жүрөктүн кагышын тездетет. Күнөөлүү сезүү сезимин жараткан психологиялык абал болсо кан тамыр ооруларын чакыраары билинди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости