www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкент облусунун Бекабад шаарындагы ооруканада коронавирустан улам өпкөнү жасалма желдетүүчү аппаратка туташтырылган төрт бейтап бир күндө көз жумган. Бул тууралуу “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
Маркумдардын туугандарынын айтымында, окуя 25-августта болгон.
Маалыматка караганда, 25-августта туура эмес орнотулган цилиндрден улам ИВЛ аппараты жарылган. Жарылуудан дем алдыруучу системага кислород барбай калган. Натыйжада оор абалда жаткан төрт бейтап көз жумган.
“Окуя болордон бир күн мурун башкы дарыгер эжемдин абалы туруктуу экенин айткан. Кийинки күнү ал бизге чалып, жаман кабар бар экенин, кислород баллону жарылганын айтты. Баллондор туура эмес толтурулган экен. Натыйжада 63 жаштагы эжем кайтыш болду. Дагы жашы 60тан жогору үч аял өлдү”, – деди маркумдардын туугандарынын бири.
Бекабад шаардык прокуратурасы ооруканадагы бейтаптардын өлүмү боюнча тергөө жүрүп жатканын гана билдирип, башка маалымат берген жок.
“Узметкомбинатка” тиешелүү оорукана апрелде коронавирус менен ооругандарды кабыл ала баштаган. Ооруканада Орусиядан келген жасалма деп алдыруучу жабдуулар орнотулган.
Булак: