www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөбүздө көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен алектенген бир катар компаниялар бар. Алардын айрымдарынын куруп жаткан имараттары учурдун талабына таптакыр жооп бербесин адистер какшап келишет. Бирок, базар экономикасы болгондуктан сатуучу менен кардардын ортосундагы соодалашууну эч ким тыя албайт экен да.
Аталган теманы козгогонубуздун себеби, курулуш компаниялардын ичинен Имамидин Ташов жетектеген “KG Group” аталышындагы компания тууралуу кеп козгогубуз келүүдө. Дегеним, “мурда-кийин аты-жыты билинбеген эле неме кыска аралыкта кантип ийгиликтерди багынтты?” деген суроонун айланасында сөз болмокчу. Эми кеп кезегине келсек, бизге жеткен маалыматтар боюнча Ташовдо акча жагынан маселе болбоптур. Ал кара курсактын айынан Орусияда тентип жүргөн мекендештерибизди бал сөзгө салып “жумушка уруксат”, “убактылуу жашоо” өңдүү документтерди алып берүү убадасы менен бир топ акча жыйнаптыр.
Ошондой эле чечендерди да сызга отургузуп кеткен. Бирок, убадалар куру болгондуктан акчасын алдаткандар анын үстүнөн арыз жазышып, Интерпол издөө жарыяланган. Кызыгы, эл аралык издөөгө алынган Ташовдун аты-жөнү кийинчерээк ал жактан чийилген. Мындан улам, Ташов акча менен адамдардын оозун жапканбы же Интерполго чөгөлөп барганбы деген суроо ачык бойдон калууда. Анан ушундай репутациясы таза эмес адам өлкөбүзгө келип кантип ири курулуш бизнесине мурдун тыкты? Мында да суроолор арбын.
Алсак, 2010-жылы Июнь коогалаңы маалында Ош менен Жалал-Абад шаарлары бүлүнгөндө, жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан үй салып берүү чечими кабыл алынып, бул боюнча атайын дирекция дагы түзүлгөн. Баарыбызга белгилүү болгондой, аталган шаарларды калыбына келтирүү үчүн эл аралык коомчулук дагы көмөгүн көрсөтүп, өлкөбүзгө миллиарддаган сомдор келген. Анын басымдуу бөлүгү үй курууга жумшалган. Бирок жыл айланбай, курулган үйлөрдүн сапаты өтө начар экени, ортодо 2 млрд сомдой каражат кайда кеткени белгисиз болуп жатканы тууралуу чоң чуу чыккан.
Баарынан кызыгы, ал үйлөрдү курууга учурдагы “KG Group” компаниясынын түптөөчүлөрү дагы катышып, бир топ кирешеге маарышкан соң борбор калаадагы ишмердүүлүгүн баштаган деген кептер тар чөйрөдө айтылып келет. Угушубузга караганда, ошол жылдары Кыргыз-Түрк лицейин бүтүргөн төрт жигит ортого 50 миң доллар топтошуп, башка аталыштагы ишкана ачышып, жогорудагы шаарларды калыбына келтирүү боюнча дирекцияга башчылык кылган Жантөрө Сатыбалдиевдин көмөгү менен Ош шаарындагы үйлөрдү курушкан. Бирок, токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет дегендей жабылуу аяк жабылуу бойдон калды. Андан бери эч ким үн ката элек.
Кыязы, эл арасында Ташов мурдагы бийлик тушунда рулду башкарган өтө таасирдүү адамдын колтугуна кирип, каалагандай чартаңбай тээп жүрөт деген чын окшобойбу. Ал эми Ташов муну караманча калп деп танып келет. Бирок, шектүү шекинет дегендей, бир сапар түз эфир учурунда Ташовго жогорудагы иш тууралуу суроо узатылганда телеканал музыкалык тынугуу жарыялап жиберген. Андан соң гана Оштогу курулган үйлөргө таптакыр тиешеси жоктугун, ал кезде Малайзияда жүргөнүн айткан эле.
Булак:Эгемен