www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев парламенттин Басма сөз кызматынын Жай отуруп баарлашуу долбоорунун алкагында депутаттар тобу журналисттер менен жолугушканда билдирди. «Мага жеткен маалыматтарга караганда, үчүнчү буу-казанды ишке киргизүүгө даярдык көрүлүп жатыптыр. Буюрса, шаарыбыз жакын арада жылуулук менен толук камсыз болот», - дейт ал.

Депутат журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Бишкек ЖЭБинин директору кызматта калуу максатында кызматкерлери менен митинг өткөрүп жатканынан кабары жок экенин билдирди. «Азыр андагы авария боюнча комиссия иштеп жатат. Директорду дароо кызматтан алып салса, анда авариянын кесепеттерин ким жойот, ал үчүнн ким жооп берет? Кызматтан алганга жетишебиз», - деп, эл өкүлү ушу тапта Бишкек ЖЭБ 300 мегаВатт электр кубатын, 300 гигакалорий жылуулук чыгарып жатканын, дагы бир буу-казан ишке киргизилсе, жылуулук берүү жүрүмү биротоло турукташа турганын кошумчалады Кожобек Рыспаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости