www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-февралда “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында уюлдук байланыш операторлорунун электрондук акчаларга байланыштуу иштин жүргүзүлүшү жөнүндө маалымат угулду.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов электрондук капчыктын демилгелениш тарыхына токтолду. Анын айтымында, Улуттук Банк 2017-жылдын 27-июлунда электрондук капчыкты колдонууга кигизүү жана аны өнүктүрүү ишин колго алып, тиешелүү мыйзам долбоорун өткөн жылдын август айында коомдук талкууга коюп, жөнгө салуу таасирин талдоо үчүн Төлөм операторлорунун ассоциациясы, Байланыш операторлорунун ассоциациясы жана банктар ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу топ түзгөн.

Бирок байланыш операторлору тиешелүү мыйзамдар, укуктук ченемдик актылар кабыл алына электе эле электрондук капчыкты ишке киргизип жиберген. Мында чоң бир тобокелчиликтер - арам акчаларды адалдоо иштери жүргүзүлүп кетиши толук мүмкүн.

“-Андыктан, баардык кабыл алынган төлөмдөрдө банктын катышуусу болушу керек. Себеби Улуттук Банк өлкөнүн акча саясатын жүргүзүүгө жана акча саясатындагы ар кандай кооптуу жагдайларды алдын алууга түздөн түз милдеттүү. Электрондук капчык жаатында Улуттук Банкка карата айрым массалык маалымат каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө айтылып жаткан маалыматтар жалган. Улуттук Банк электрондук капчыктын өнүгүшүн кош колдоп колдойбуз. Болгону байланыш операторлору төлөмдөрдү түз кабыл албай, банк аркылуу мыйзамдуу болушун каалайт”,- деген Т.Абдыгулов.

Бул маселеде эки тарап болуп чакырылган Мегаком (“Альфа Телеком” ЖАК) компаниясынын генералдык директору Азат Базаркулов абоненттер төлөмдөрүн эч кандай ортомчусуз түз салуусун жактап жатканын, бул кардарларга ыңгайлуу болоорун чечмелеп берген.

Ал эми КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев мобилдик операторлор каржылык төлөмдөр менен иштегиси келсе мыйзам талаптарын сакташы зарылдыгын жана бул багыттагы иштер Улуттук Банк тарабынан жүргүзүлөөрүн эске салды.

Талкууда депутат Айтмамат Назаров Кытай мамлекетин мисалга тартып, ал жакта бардык төлөмдөр уюлдук телефон аркылуу жүргүзүлөөрүн айтып, мындай тажрыйбаны эмнеге байкап көрүүгө болбостугун белгиледи. Ошону менен катар депутат Улуттук Банк байланыш операторлоруна лицензия берсе, ортомчусуз төлөм кабыл алууга мүмкүнчүлүк болоорун сунуш кылды. Мындай сунушту Улуттук банктын төрагасы дагы кубаттоого алды.

Депутат Дамирбек Асылбек уулу электрондук капчык киргизүүдө мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо жана элдин талабын эске алуу үчүн парламент тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүгө даярдыгын айтты. Депутат Таалайбек Масабиров дагы элдин кызыкчылыгы үчүн тараптарды бир консенсуска келүүгө чакырды.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Улуттук Банк дагы, байланышт операторлору дагы өз кирешелерин ойлой бербей, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн орток пикирге келүүсү зарылдыгын баса белгиледи.

Депутаттардын сунуштарынан кийин электрондук капчык жөнүндө коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорундагы жогорудагыдай эки жактуу маселе боюнча тараптар орток пикир табууга аракет кылмай болушту.

Жыйынтыгында фракция лидери Алмазбек Баатырбековдун аталган маселе боюнча маалыматты эске алуу жана бул маселеге март айында кайра кайрылуу сунушу фракция депутаттары тарабынан колдоого ээ болду.

Баса, талкууда депутат Айтмамат Назаров Кытай мамлекетин мисалга тартып, ал жакта бардык төлөмдөр уюлдук телефон аркылуу сунушун айткан. Тилекке каршы  Кыргызстанды Кытайга салыштырган депутат 9-кабатка чыгып бир шаарды карап койсо жакшы болот беле? Өнүгүү, өзгөрүү деген жакшы, тилекке каршы бизде баардык шарттар түзулушү керек. Кокус, электр жарыгы өчүп калса, электрондук капчыкты “эшектин” кулагына тийгизип “чыйкылдатабызбы”? Экинчи тарабындагы коопсуздукту колго алып койсо жакшы болот эле. "Акчаңар күйүп кетти, кечирип койгула эми" десе, көнүп жүргөн кыргыз эли аргасыз ага да көнүшөт. Эмнеси болсо дагы жогорку демилгеңер элдин пайдасына тие турган болсо ишке ашсын...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости