www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы Конституцияны идеалдуу деп айткан эч ким жок, бирок ошол коогалаңдуу учурда ушул конституция өкмөттү тең салмактуулукта сактап кала алды. Муну эч ким тана албайт, ушул конституция гана бир мөөнөт аягына чейин иштеди. Саясий стабилдүүлүк ушул конституциянын аркасы менен ишке ашты. Жакынкы чыгыштагы саясий көрүнүштөр, Сириянын эли каалабаган Башар Асаддын өкмөтү, андагы Орусиянын авиациясынын бомбалоосунан каза болгон жүз миңдеген адамдар жана миллиондогон качкындар бизди терең ойлонтушу зарыл. Украинанын Крымдан ажырашы, Луганск жана Донецк областтарындагы адилетсиз согуштардын себеби биздин Орусия менен болгон келечектеги мамилелерибизге чекит койбосо да бүдөмүк ой жаратат. Орусия азыр өздөрү айтмакчы төрт фронтто согушуп жатат, Украинада, Жакынкы Чыгышта, Кавказда жана Орто Азияда. Ушул жүргүзгөн саясатынын бири да адилеттүү эмес, бардык жерде агрессия, жикчилдик. Биздин бийлигибиз уятсыз, марионеткалык саясаты менен өлкөнү сактап калабыз деп жатабы же, кыргыздын мындан аркы тагдырын биротоло Орусиянын колуна тапшырганы жатабы ал жагы бизге караңгы. Ооба, албетте биздин көп маселелерибизди чечип алышыбыз үчүн “ Большой браттын” кереги тийбей койбойт, бирок ошол эле учурда анын көлөкөсүнөн суурулуп жарыкка чыкчу күндүн да келишине далалат жасашыбыз керек. Тегерегибиздеги мамлекеттерге караганда биз кыргыздар эки эсе көп мамиле кылып, төрт эсе көп тынчсызданып жанталаша иштөөбүз зарыл. Биз этегин кармаган мамлекеттин ким экендигин бир минутка да эстен чыгарбашыбыз керек.

Маалымат согушунун закымдарынын артынан чуркап убара болбой күнүмдүк ишти бир калыпта аткара бериш керек. Мейли Өзбекстан Кадыржан Батыровду ЕККУнун трибунасынан сүйлөтүп соктурсун, мейли К. Батыров Азаттыктын радиосунан биздин мамлекет башчыларды саткын, канкор десин, бирок биз эч кандай провакацияга алдырбай, андан ары ишти илгерилетип өз позициябыздан жазбашыбыз керек. Илгеркилер айтмакчы “ит үрө берет, кербен жүрө берет”, анын айтканынан биздин мамлекет жаман болуп кетпейт, бир гана нерсе, аны алып келип Кыргызстандын түрмөсүнө камоого дайыма аракет кылуу керек. Биздин бийликтин чоң катачылыгы: бул адам ресурсун сыртка чыгарууга өбөлгө түзүүсү, инвестиция тартууда тышкы карызды эске албагандыгы жана ата мекендик билим берүү жана ата мекендик өндүрүш базаларына көңүл бурбагандыгында. Чоң мамлекеттердин саммитинде Кыргызстан тууралуу, мындан аркы мамлекеттин өмүр сүрүүсү тууралуу сөз болуп жүргөнү кокусунан эмес. Ирилештирүү процесси деп кайсы бир чоңураак мамлекеттин курамына кирип калып шорубуз катпайлы дагы, эсибиз барда этегибизди жабышыбыз керек. Кыргызстанда биргелешкен ишкана деген түшүнүк жашайт, кудай акы ошол биргелешкен деген ишканалардан мамлекетке пайда түшпөйт. Пайда келтирмек турсун мамлекеттин бир тармагына сокку урат. Кадр маселесинде болсо, жөн эле жайлоодогудай кеңиричилик, мам. кызматта соттолгон, билимсиз, эч кандай мамлекеттик аттестациядан өтпөгөн эле адамдар башкарып жатышат.

Тышкы саясатта алсыз экенбиз, аймагыбыз кичинекей, экономикабыз эптеп септеп эле, элибиздин саны да аз. Эми ошого жараша ички тартип менен жашоо нугун жөнгө салып алсак болот го. Парламенттик – президенттик башкаруу дейбиз Кыргызстанда, демек бул экөө өлкөнүн мээси деп саналышы керек. Бизде ошол өлкөнүн мээси деп эсептелген жерге эч кайсы тармакта билими жок, жөн гана ар кайсынын башын  бир чантып  сүйлөгөн адамдар толтура барып алды. Бул деген жакынкы убакта өлкө катастрофага учурайт дегенди билдирет. Республикада укуктук нормативдик актылар тынымсыз өзгөртүүлөргө, толуктоолорго муктаж болуп турат. Аларды азыркы эл өкүлдөрү жүргүзүшүнө көзүм жетпейт, алардын кээ бири гана билип, калгандары отура беришинен эмне пайда. Кесипкөй, кайсы бир тармактын майын чыгара иштеген, юридикалык билими бар адамдар келишсе болмок парламентке. Кыргыз элине качанкы бир 100 жыл мурун өткөн тополоңдон кийинки Убактылуу Өкмөттү, 1917-жылкы революциядан кийинки эл өкүлдөрүн таңуулап окшото берүүнүн эмне кереги бар. Эмне анда Отунбаеваны Керенский деп, Атамбаевди Ленин дейбизби ? Биз Кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз, биз эгемендүүбүз. СССРдин инерциясы менен жашап жаткан кул мүнөз адамдардын бизди башкарып жатышын каалабайбыз биз. Биз ал СССР деп аталган кулдардын лагеринен официалдуу түрдө чыгып кеткенбиз эми эч качан кайрылбайбыз андай абалга, аны эңсегендер Кыргызстандан чыгып кете беришсин Акаев, Бакиев сыяктуу. Бизди экономикага таяп, геосаясатка шылтап отуруп Бажы биримдигине киргизип тынышты, бирок ушул жүйөөлөр менен максаттарына жетем дегендер терең жаңылышат. Азыр Кыргызстанда 1916-жылкы кыргыздар жашабайт төрт пулемёт алып келип кууп жиберип жерин ээлеп алгыдай. Биздин башыбыз болуп аткан президенттин мүдөөсү кыргыз элиникине төп келбесе, парламенттеги элдин элитасы дегендер билимсиз, иш алып барууга жөндөмсүз болсо анан кантип оңолобуз, анан кантип башка элдерге тең болобуз ?! Эмне алар кайсы жерге, эмне жумуш аткарганы келишкендерин түшүнбөй эле бара береби. Мамлекеттик кызматкер өмүр бою солдат сыяктуу өлкөгө кызмат өтөшү керек го, анысы үчүн эч нерсе деле сурабайт го, ашыкча деле дүйнөсү болбойт го алардын. А бизде болсо түшүнүк башка, жеш керек , тонош керек, сатыш керек ж.б. . Мына ошон үчүн Кыргызстан алсыз, ошон үчүн биздин мамлекетти эч ким тоготпойт. Кыргызстанды алсыз кылып жаткандар билимсиз депутат, жөндөмсүз  министр, саткын жетекчи жана патриоттук сезими жок күч структуралары. Эмне бизде ошондой адистер жокпу ? Толтура, жайнайт, жөн гана алардын иштешин каалашпайт, демек , Кыргызстандын күчтүү болушун каалашпайт. Маселе өтө жогорку деңгээлде болуп жатат, кимдир бирөөгө биздин ушундай парламенттүү, ушундай президенттүү болушубуз майдай жагып турат. Мындай парламент менен, мындай президент менен биз Орусиянын этегине башыбызды каткандан башка эч жакка бара албайбыз. Эмне кылуу керек ?

Орусия эртеби кечпи Орто Азияда согуш кылат, ошол кезде “военный полигон” Кыргызстан болуп калбашы үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек, ал мезгил алыс эмес. Себеби Жакынкы Чыгыштагы  жана Украинадагы согуштарда Орусия утулат, ошондо Орто Азиядагы таасирин күч менен сактап калуу үчүн согуш баштайт. Азыр Орусия СССР маалындагы атагын кайрып алам деген курулай үмүт менен жашап жатат, а чындыгында андагы экономика, кубаттуулуктун бири да жок азыр. Бир эле эш тутканы, ядролук куралы, ылым санаган мамлекеттер дээрлик жокко эсе. Бажы Уюму, шериктеш мамлекеттер деген менен алардын да Орусияга болгон кетпес кеги бар да. Азыр биздин мамлекеттин алдына койгон биринчи тапшырмасы ошол жакындап келе жаткан коркунучтун бизди кыйгап өтүүсүнө өбөлгө түзүү керек. Ошол көрүлө турган иш чаранын эң негизгилери чек ара, коңшу мамлекеттер менен кайсы маселелер болсо да тез арада токтоосуз чечүү жана куралдуу күчтөрдү колдон келишинче реформалоо. Өзүбүз менен өзүбүз эле кайнай бербей, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды кунт коё карап сабак алуубуз керек. Өкмөт менен элдин ортосунда ажырым болгон мамлекетке сөзсүз түрдө Орусия менен АКШ кийлигишет анан Сириядагыдай болот. Андыктан, эл каалабаган башчылар кетүүсү керек. Эгерде мамлекеттин бүтүндүгүн чындап эле каалашса, элине болгон жакшы сезимден бир бүртүк калган болсо токтоосуз кетүүсү зарыл.

Шамил Карабала уулу

Последние новости