www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында быйылкы жылдын биринчи чейрегинде өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү өткөн жылдагыга караганда кыйла артып, 119,9 миллион сом көлөмүндө көбүрөөк өндүрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, шаардагы өнөр жай ишканалары биринчи чейректе пордукция өндүрүү жагынан мурдагы жылга караганда кыйла жандуу аракеттерди жасашкан.

-Быйылкы биринчи чейректе шаарыбыздагы өнөр жай ишканалары 979,7 миллион сом көлөмүндө продукция өндүрүштү. Ал эми өткөн жылдын биринчи чейрегинде 859,8 миллион сом көлөмүндө продукция өндүрүлгөн эле. Демек, өсүүнүн көлөмү 119,9 миллион сомго же 113,9 пайызга барабар болду. Албетте, өндүрүү жагынан алга жылыштар бар, бирок продукцияны сатып өткөрүү жагынан ишканалар аракеттерди жасап жатышат, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүү, минералдык суу, курулуш материалдарын иштеп чыгаруу, ташты иштетүү, электер энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана башка тармактарда ишканалар тынымсыз иштеп жатышат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости