www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Голос балдар” теле долбоорунун кезектеги тартуу ишинде устаттардын ортосунда ызы-чуу жаралды. Анын башкы азгыруучусу сынактын тажрыйбалуу устаты Дима Билан болгон. Бул сынакта да устат болгон Валерий Меладзенин шакирттери Дима Биландын “Мечтатели” деген ырын, чач жасалгасын, кийингенин ал эле эмес дене кыймылын да туурап ырдашкан.

Шакирттер номерин аткарып бүткөн соң Дима абдан жинденип, бул номерди даярдаган Меладзе ырчынын ар намысына шек келтирип, басмырлап, терең шылдыңганын, мындай пародия кылынбашы керектигин айтып чыкты. “Мен да бала чагымда жаш таланттар сынагына чыкчумун. Меладзенин ырларын ырдачумун. Бирок, эч качан аны туурап, пародия кылып шылдың кылып чыкчу эмесмин. Азыр көрсөтүлгөн номер “Голостун” тарыхы үчүн эмес!” деп Валерий Меладзенин бетине катуу айтты. Бирок, жыйынтыгында баары өз ордуна келди.

Сынактын жарым сааттык тыныгуу маалында ырчы мырзалар өз алдынча бири-биринин мамилелерин териштирип алган соң, Меладзе сахнага чыгып “Мен жана шакирттерим терең сый-урматыбыз менен Дима, сенден кечирим сурайбыз! Сени капа кылабыз деген ой жок болчу. Бизди кечир” деп кечирим сурады.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости