www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында санариптик телеберүүгө өтүү боюнча уюштурулган шаар активинин жыйынында санариптик телеберүү толкундарын керектөөчүлөргө толугу менен жеткирүү максатында мобилдик байланыш операторлорунун толкун таркатуу боюнча базалык станцияларын пайдаланууну сунушташты.

Бул актуалдуу маселе боюнча атайын адистердин катышуусу менен өткөрүлгөн шаар активининин жыйынында ага катышкандар калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге эле санариптик берүү толкундарын керектөөчүлөргө толук жеткирүү жагынан техникалык айрым сунуштарын айтышты. Атап айтканда, айрым майда калктуу пункттарда, айрым толкундун тароосуна тоскоолдугу бар аймактарда санариптик теле берүүлөрдү камсыз кылуу кыйынчылыгы бар. Аны үчүн атайын ретрансляторлор керек болот, аны сатып алуу жана орнотуу маселеси турат.

Жыйындын катышуучулары бул маселени Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан мобилдик байланыш операторлору менен макулдашуу аркылуу алар менен бирдикте чечүү зарыл деп эсептешет. Анткени, мобилдик байланыш операторлорунун толкун таратуучу базалык станциялары көп аймактарга орнотулган жана андан пайдаланууга болор эле дешет.

Радио релейлик станциялардын түштүк башкармалыгынын адистери бул сунушту тиешелүү жогорку органдарга жеткирүүгө убада беришти.  

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости