www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов “Бишкекте былтыркыдай түтүн болбойбу?”, – деген суроо салды.
Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев белгилегендей, ЖЭБге быйыл 60 жыл болот жана ушул убакка чейин түтүн маселеси көтөрүлө элек, акыркы 5 жылдан бери маселе көтөрүлүп келет. Балким, бул транспорттун, борбордун айланасындагы турак жай массивдеринин кесепетинен болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
«Жыл сайын оңдоо иштери жүргүзүлүп, быйыл 70 млн сомго 3 электрофильтрлер капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Жаңы блоктордо заманбап тазалоо тутуму жана күкүрт тазалоо тутуму орнотулду. Дүйнөдө мындай фильтр бир нече ишканаларда орнотулган. Эгер көңүл буруп карасаңыз станциянын жанында түтүн жок», – деди Воропаев.
Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары транспорт жана чакан ишканалар менен байланышкан маселелер бар деди. «Биз былтыр алар менен күрөшкөнбүз. Айып пул салынган. Жумуш улантылат», – деди ал.
Ошондой эле депутат импорттолуп жаткан унаалардын катализатору бар-жогун текшерип чыгууну сунуш кылды.
«Жеке секторду текшергиле, кээ бирлери резина өрттөшөт. Көчөдө, жада калса үйлөрдүн ичине кара түтүн кирет, – деди Икрамов.
Булак: NazarNews.kg