www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БИШКЕК, 5-ноябрь, 2020-жыл - АКШнын Ооруларды алдын алуу жана коргоо борбору (CDC) COVID-19 илдетине каршы алдыңкы чектеринде кызмат өтөп жаткан кыргызстандык саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн жеке коргонуу шаймандарынын жана компьютердик жабдуулардын өтө маанилүү партиясын жеткирди.
Медициналык халаттар, маскалар, N95 респираторлору, кол каптар, медициналык капкактар, бут кийим капкактарынан жана бет калкандарынан турган, ошондой эле COVID-19 тестирлөөсү үчүнбейтаптардын анализдерин алуу үчүн жабдыктардан турган медициналык жардам Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерине таратылат, анын ичинде Ош, Нарын жана Ат-Башы. Жеке коргоочу каражаттары (ЖКК) ооруканалардагы бейтаптардын сакайышын, ЖККнын запастарын жана COVID-19 инфекциясынын тенденциясын көзөмөлдөө үчүн колдонулган компьютердик жабдуулар жана программалар менен коштолот.
CDCнин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташуусун баса белгилеп, CDC Борбор Азия боюнча Директору Даниэль Сингер өз билдирүүсүндө: “Бул салгылашууга Кыргызстандын саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана эпидемиологдору жетекчилик кылып жатышат, жана биз Сасык тумоого жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча ондогон жылдарга созулган өнөктөштүк мамилелерибизге таянып, колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз”, -- деди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин инфекциялык, митечилик жана эпидемиологиялык оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдиргендей: “Учурда COVID- 19 боюнча дүйнө жүзү боюнча көптөгөн илимий изилдөөлөр бар. Демек, жүргүзүлүп жаткан иш- аракеттер жаңы ачылыштар менен толукталышы мүмкүн, ал тургай өзгөрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу эл аралык уюмдар чоң колдоо көрсөтүшөт. Мисалы, биздин уюм CDC жана ICAP менен биргеликте COVID-19га карата ар кандай иш-чараларды жүргүзүп келет. Долбоорго ушундай оор мезгилде, коронавирус пандемиясы учурунда, медициналык кызматкерлерди окутууга жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын негизин ЖКК жана уюштуруу шаймандары менен бекемдөөгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул долбоорду өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал турукташканга чейин улантыш керек”.
6 000 000 сомдон ашык наркка бааланган жабдууларды жеткирүү, Колумбия Университетинин ICAP тарабынан Кыргыз Республикасынын эпидемиологдорун, дарыгерлерин жана медайымдарын окутуу жана материалдык колдоо көрсөтүү үчүн ишке ашырылган CDC долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.
Ош, Бишкек жана Нарын шаарларындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде, долбоор медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жогорулатуу максатында, Кыргызстандын медициналык кызматкерлерине инфекциядан коргонуу боюнча баа берүүгө жардам берди жана 19 саламаттыкты сактоо мекемесинде медициналык кызматкерлери үчүн эпидемиологиялык көзөмөл жана байланыш боюнча тренингдерди өткөрдү. CDC жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) аркылуу Америка Кошмо Штаттары быйыл Кыргызстандын COVID-19га каршы күрөшүн колдоо үчүн 5 миллион доллардан ашуун каражат бөлүүдө.
Булак: NazarNews.kg