www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан келген каражаттарды максатсыз пайдаланып жатат, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов . Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"343 миллион доллар сырттан грант, карыз түрүндө келди. Бул азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн келген акчалар. Тилекке каршы өкмөт сырттан келген акчаларды максатсыз пайдаланып айлык акы, пенсияга берип жатат. Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу жана коронавируска каршы күрөшүүгө пайдаланылган жок. Муну билген донорлор жардамды кыскартып коюшу мүмкүн. Эмне үчүн өкмөт каражатты максатсыз пайдаланып жатат? Эмне үчүн ишкерлерге толук кандуу мумкүнчүлүк түзбөй жатат? Ишкерлерден негизсиз акчаларды чогултуп жатышат. Өкмөттүн жоопкерчилиги боюнча маселени күн тартибине киргизүу керек", - деди Икрамов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости