www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байыртан Ала-Тоо, Энесайда жашап келаткан кыргыздарда жер-суу, мөңгү, чоку сыяктуу аттарды койгондо окшоштуктар бар экен. 1863-жылы Орусия империясынын карамагында өткөндөн баштап мөңгү, чокулардын аттарын орусча өзгөртө баштадык: Путин, Ленин, Победа, Коммунизм чокулары, Лысый, Давыдов, Петров сыяктуу мөңгүлөр бар. Баса, Путиндин атын Атамбаев койдурган, ал эми Кумтөрдүн айынан Давыдов мөңгүсү жок болуу коркунучунда турат. Бул бир гана Кыргызстанды эмес, Борбордук Азияны экологиялык катастрофага алып келиши мүмкүн. «Мөңгү» акебиз мөңкүп кетип Давыдов мөңгүсү үчүн чуу чыгарып жиберет. Мөңгү маселеси боюнча «Мөңгү» акебиздин жигердүү кампаниясына карабастан Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү өзгөчө учурларда мөңгүнүн жанында Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон “Кумтөр” кенин иштетүүгө укук берген Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдоп кетишкен. Ошол эле тапта Кыргызстандын алдыңкы окумуштуулары акыркы 4 жылдан бери “Кумтөр” кенин иштетүү өлкөдөгү мөңгүлөрдүн кырдаалына таасир тийгизбегенин айтып келишет. Алардын баамында, мөңгүлөрдүн эришине глобалдык жылуулануу себеп. Жадакалса кыргызстандык окумуштууларда “пульс сымал мөңгү” термини пайда болгон. Мөңгүлөрдүн түндүк боорунда өзгөрүү анча байкалбайт, ал эми түштүк боорунда эрүү процесси аябай байкалат. Бардык мөңгүлөр жайгашкан жериндеги өлкөнүн кенчи жана алардын стратегиялык суу ресурсунун бөлүгү. Мөңгү деле бөлүктөргө майдаланып талкаланат жана жылат, бирок мөңгүнүн бөлүктөрүнүн ылдамдыгы да ар кандай. Ошону менен бирге мөңгүлөр – бул бөтөнчө суу сактагыч. Каалайбызбы же каалабайбызбы, бирок жыл сайын Жер планетасында мөңгү массасынын азайышынын үстөмдүгү байкалууда. Global Carbon Project уюмунун акыркы изилдөөсү 2019-жылга салыштырмалуу атмосферага чыгарылган парник газдары эки эсе өскөнүн көрсөттү. Демек, муздун эрүү процесси да көбүрөөк ылдамдайт. 2024-жылга чейин мөңгүлөрдүн эриши болжол менен бүгүнкүдөй тездикте уланат, андан кийин ал процесс күтүүсүздөн ыкчамдайт. Жогоруда аталган уюм жакынкы 30-50 жыл аралыгында Атлантикадагы дээрлик жайы-кышы турган бардык муз жок болот деп тыянак чыгарышкан. Бир гана акыркы 25 жылда арктикалык муздун аянтынын 25 пайызы кыскарган. Орусиялык окумуштуулар дагы жакынкы 100 жылда глобалдык жылуулануунун айынан бүт тоолордогу ак мөңгүлүү чокулар эрий турганын тастыкташкан. “Акыркы жылдары көптөгөн мөңгүлөрдүн эриши тездеди, бул Тянь-Шань тоо кыркасына гана тиешелүү эмес. Мисалы, Гренландия аралындагы Якобсван мөңгүсүнүн эрүү ылдамдыгы 6 жылдан кийин эки эсе жогорулаган. Азыркы тапта жылына ал болжол менен 12 чакырымдык тездикте азаюуда”, - деп белгилешет орусиялык изилдөөчүлөр. Ушундай эле жыйынтыкка «Мөңгү» акебиздин да келген. Анын айтымында, абанын температурасы дайыма жогорулоодо жана 70 жыл ичинде ал 1 градуска көтөрүлгөн. “Статистика ыраа кылбай калган. Жаан-чачынга караганда муз көп эрип жатат, анын кесепетинен мөңгүлөрдүн аянты 12,5 пайызга азайды. Ак-Шыйрак массивиндеги 165 мөңгүнүн жалпы аянты 436 чакырым деп эсептелген жана алардын 93 пайызы коомчулуктун айрым өкүлдөрү белгилегендей “Кумтөр” кенин иштетүүдөн да, жылуулануунун айынан да деградация болууда. “Кумтөрдүн” айланасындагы абадагы техногендик чаңдын көп бөлүгү тыштан келген, кендеги жардыруу иштери таасир этип жатат. Лысый мөңгүсүнүн эрүү аянты бир жылда 1 миң 774 сантиметрди, Чоң-Сары-Тор – 1 миң 565 сантиметрди түзгөн. Алар “Кумтөр” кенинин аймагында орун алган. Ал эми “Кумтөрдөн” 30 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Чоң-Кутордо эрүү аянты 2 миң 240 сантиметр, Ашуу-Төрдө 2 миң 113 сантиметрге жеткен. Кенге жакын жайгашкан Дордуу мөңгүсү орточо 260 сантиметр, андан бир аз ылдый жайгашкан Лысый 237 сантиметрге эрүүдө. Башкача айтканда, таасир бар, бирок минималдуу. Ал эми “Кумтөрдөн” алыс жайгашкан түштүктөгү мөңгүлөр орточо 300дөн 550 сантиметрге чейин эрип жатат”, - дейт«Мөңгү» акебиз. Анын маалыматына караганда, “Кумтөр” кенинде жайгашкан Петров мөңгүсүнүн этеги планетадагы глобалдык жылуулануунун айынан 700 метрге азайган. «Мөңгү» акебиздин изилдөөлөрү Давыдов мөңгүсүнүн калыңдыгы "Кумтөрдүн" айынан, климаттын өзгөрүүсүнөн улам 60 метрге жукарганын тастыктаган. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg