www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев кыргыз тилин гана мамлекеттик жана эл аралык тил кылууну сунуштады.

«Тил маселеси боюнча эки жерде абдан кыжаалат болуп, кээде жүрөк оорум да кармайт. Биринчиси, өзүмдүн эле үй-бүлөмдө. Балдарымдын баары орус мектебин бүткөн. Кемпирим да аралашып кетет, аларга. Үйдө орусча сүйлөшөт. Мен тыя албайм, күчүм жетпей койду.

Экинчиси, маршруткада көп жүрөм. Маршрутканын ичи толтура кыргыз, бирок бир да кыргызча сүйлөгөн киши таппайсың. Базарда да ушундай. Ошол маршруткадагы жаштар менен уруша кетип, кээде өзүм капа болом, “ээ, айланайындар, кыргыз болгула, ким менен орусча сүйлөшүп жатасыңар?” деп. Муну эмне үчүн айтып жатам? Орус тили керек бизге. Орус тили менен көп нерсеге жеттик. Англис тили да керек. Канча көп тил билсек, ошончо чет мамлекет бизди сыйлайт. Ага өзүнчө мыйзам кабыл алып, өнүктүрүшүбүз керек.

Анан силерге радикалдуу сезилиши мүмкүн, бирок ойлоно турчу иш да, Конституцияга мамлекеттик жана эл аралык тил – кыргыз тили эле дешибиз керек. Эмне үчүн дебейсиздерби? Дүйнөдө 60 пайыздан ашык эл англис тилинде сүйлөйт. Анан орус тилине көнүп калып эле, байланган иттей болуп чыга албай жүрө берсек, менимче болбойт. Менин сунушум – кыргыз тилин эле калтырышыбыз керек, башка тилдерди жакшы мыйзам кабыл алып, өнүктүрүшүбүз керек. Антпесе кыргыз – кыргыз болбой кала турган болдук», – деди Төралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости