www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кыш мезгили келе жатканда борбор калаанын тургундары үчүн эки эң чоң “белек” даярдап жатышат. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов жазды.
"Кышкы жылытуу сезонунда Министрлер кабинети үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салып, аны менен катар жеке турак жайларга Кара-Кеченин көмүрүн пайдаланууну токтоткону турушат. Анын ордуна Казакстандын көмүрүн пайдаланууну сунуштоодо. Кара-Кеченин көмүрү өздүк наркын кошкондо борбор калаага келген баасы 4500-5000 сомдун тегереги, ал эми Казакстандын көмүрү болжолдуу 6000 миң сомго чейин болот. Бул ачык эле элди тоноо. Казакстандын көмүрү “сапаты жакшы” деп, айтылганы менен коңшулар деле кышкысын ыштан арыла албай, биздин борбор калаадай эле аларды кара түтүн каптап турат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн.
Экинчи маселе. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардын коомдук транспортторунун жол кире акысын 20-22 сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылды. Бул дагы элди тоноо болуп эсептелет. Айрым үй-бүлөлөрдө беш-алты окууучу, стунденттер бар. Алардын жол кирелери үй-бүлөлүк бюджетке оңбогондой залака келтирет. Өкмөттүн эки жооптуу чиновниги элдин жашоо шартын жакшырткандын ордуна тескерисинче, карапайым калктын чөнтөгүнө кол салып жатышат. Элди мынчалык тоногудай Жапаров менен Абдыкадыров Гандурастан келишти беле?",— деп суроо салды ал.
Булак: NazarNews.kg