www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент депутаттарын көптүргөн АША болгон. АШАнын учурунда депутаттар «Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип» 120 «олуяга» айланган. Азыр депутаттарды Абиров же Бакировго окшоп кекиртектеп койо турган күчтөр, алардын өзүм билемдиктерин чектеп атышат. Иштегенди билбей «пиар» менен гана жашап көнүп калган Көкүловдун дөөгүрсүгөн мансапкорлугу видеотасманы көргөн элди ирежитип турат. Министр деле кыйратып ийген эч нерсеси жок. Каныбек Иманалиев менен депутат Эрулан Кокуловдун талкуу жараткан. Министр иш бөлмөсүндө билек түрүп өзүнүн жеке иштерин иштеп жаткан экен, көрдүк. Эрулан Көкүл да ал жерге ойноп барбай, өз камын ойлоп барганын да көрдүк. Негизи экөөнүн кайым айтышы кадыресе эле көрүнүш. Экөө тең ошентип кызыл чеке болуп "кырылышып" калды, себеби экөөнүн тең оюу өз камын көрүү болуп саналат. Өздөрүнүн жеке  иштери үчүн жаакташып отурушат. Өлкөбүздүн эсин эки кылбай, кичүүсү Э.Көкүл улуусуна кол сунуп, төш тийгизип койууну ойлогон жок. Депутатка ушундай мамиле жасаган Каныбек Иманалиев жөнөкөй адамдарга кандай мамиле жасайт.

2023-жылдын 5-сентябрында депутат Эрулан Кокулов Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин иш бөлмөсүнө барып, аны кезексиз тез арада кабыл алуусун талап кылган видео тараган. Анда министр менен эл өкүлү кайым айтыша кетишкен. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бири эл өкүлү аша чаап кеткен десе, бири министрдики туура эмес деген эки ача пикир пайда болду.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын деңгээли зээнди кейитчү болду. Интеллектуалдык деңгээли төмөн депутаттардын өздөрүн алып жүргөнү, ыйгарым укуктук милдетин түшүнбөгөн сабатсыздыгы элди иренжитип бүттү. Арийне, арасында бычакка сап, элдин көйгөйүн көтөргөн мыктылар жок эмес. Тилекке каршы, Эрулан Кокулов сыяктуу депутаттык мандатты кор кылып, блогер болуп көрүнгөн эшикти мурду менен сүзө качырып жүргөндөр көп. 

Мына буга чейинки кылыктарын айтпаганда дагы, кечээ Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин кабинетинин эшигин жөөлөп, сүзө качырып кирип, "мен депутатмын, мени токтоосуз, кезексиз кабыл албайсың" деп кекетип, мокотуп ит болду. Деги эле жардамчысына камерага видео тарттырып алып, жеңил пиар жасаган жосунсуз жоругун депутат болсо да калтырбай адат кылып алган тура. 

Дагы Иманалиевдин канткен менен деңгээли бийик экен, мурду жок букадай жөөлөгөн, тарбиядан куржалак калган Кокуловго теңелбей, отургузуп алып сабак өтүп мээсине депутат кандай болоорун жеткиргенге аракет кылды. Чычалап кеткен Кокулов акыры уятына чыдабай чыга качты. Негизи Иманалиевден башка Эруландын өзүнө окшогон башка бирөө болгондо, балким мурдунан жетелеп чыгарып койсо жарашмак.

Өкүнүчтүүсү, Кокулов дагы деле баягы ашканада таракан издеген аң-сезимден көтөрүлбөптүр. Ошол ашкана таза болсун деген ниети чын болсо, эмдигиче ушул багытта бир мыйзам жазып киргизет эле. Жок, андан дайын жок. Жүрөк таракан издеген деңгээлде. Мындан ары өсүшү кыйын окшойт. Деңгээл болбосо ошол тура. Ушуну шайлаган элге убал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости