www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия менен Түркия миллион тонна эгин жеткирүү боюнча келишимге кол коюшканын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко билдирди.
"Бардык негизги макулдашууларга жетишилди. Биз жакынкы аралыкта бардык тараптар менен мындай жеткирүү схемасынын бардык техникалык аспектилерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу байланыштарды түзөбүз деп күтөбүз", - дейт дипломат.
Тышкы иштер министринин орун басары белгилегендей, тараптар дагы бир нече маселени карап чыгышы керек.
"Бул логистика, каржы жана башка көп нерселер, каттамдар, бара турган өлкөлөр, саны", - деп кошумчалады Грушко.
Эске салсак, Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнү Сочиде дээрлик бир жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы бетме-бет сүйлөшүү өткөрүшкөн. Мамлекет башчылары дан келишиминин айланасындагы кырдаалды жана башка маселелерди талкуулашкан.
Путин Москва дан келишимин жандандырууга даяр экенин жана бардык белгиленген келишимдер аткарылар замат аны ишке ашыраарын белгилеген. Москва бардык тоскоолдуктарга карабай, азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоону улантып, бааны турукташтырууга жана дүйнөлүк айыл чарба тармагындагы абалды жакшыртууга ниеттенүүдө.
Президент Россия жакында Африканын алты өлкөсүнө эгин бекер бериле турганын маалымдаган. Эрдоган өз кезегинде россиялык эгинди андан ары жеткирүү үчүн кайра иштетүүгө катышууга даяр экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg