www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Профессор Гүлзат Аалиева, окуучулардын китебиндеги мүчүлүштүктөрдү сынга алды.
Ал, "Орус мектептеринин биринчи классына арналган "Кыргыз тили" китебин ача коюп, кыргыздын "Амандашуу", "Арыба", "Бар бол" деген нукура төл сөздөрү унутта калып, семит элдеринен ооп келген "шелом", "салам" уңгуларынан куралган сөздөр аркылуу орус тилинде билим алган балакайларды келегей кыргыз тилине "оозантып" жаткан авторлорду көрүп, чынын айтсам, оозум ачылып калды.
Биринчи класстын окуучуларына арналган "Амандашуу" темасына "Кыргызтесттин" жетекчиси Батма Болоталиевна Топоева-Ставинскаянын төмөндө скриншот болуп ушул постко тиркелген ыр саптары кириптир (скриншотту караңыз).
Албетте, Батма Болоталиевна - кыргыздын бычакка сап кыйын кыздарынын бири. Бирок... Ушу, "бирок" деген сөздө көкөйгө көк таштай тийген кептин баары жатат да, тилекке каршы. ...
Биринчиден, Батма Болоталиевна адискөй акын эмес. Демек, кыргыздын амандашуусун кыргыз жыттанбаган, элибиздин төл сөзүнө эмес, чоочун сөздөрдүн тавтологиясына таянган "чүргөй салган" саптар менен биринчи класстан тарта окутсак, кыргыз тилдин кадыр-баркы менен келегей тилдеги чүргөмө саптар түрүндө билим алган жаш муундун келечеги эмне болот?
Экинчиден, эмне үчүн мамлекеттик деңгээлдеги статуска ээ окуу куралдарын жазууда балдарга арнап ыр жазган алискөй акындар чакырылбай, өз ысымын ар кайсы жерге чаптоодон рахат алган мансаптуу мырзалар менен акчалуу айымдар өнөкөттүү түрдө буту-колго чалынып жүрүшөт?
Үчүнчүдөн, кыргыз тили боюнча абройлуу окуу китептеринде Батма Болоталиевнанын аты кездешкен бир топ ыңгайсыз тексттер менен ыр саптарын арбын кездештирдим. Учуру келгенде аларды да коомчулукка чоң талкууга алып чыгып, биргеликте иликтеп-жиликтеп, чогуу анализ кылабыз, буюрса.
Ооба, "Кыргызтесттин" жетекчиси Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская - мыкты администратор жана мыкты менеджер. Бирок, ал киши кыргыз тилчи жана акын эмес. Демек, арзан хайп менен пенделик амбиция үчүн өз репутациясын да, "Кыргызтесттин" репутациясын да булгабоосу керек.
Айтмакчы, акыркы кездерде Батма Болоталиевна КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев агайдын оң колу болуп алган.
Демек, Батма Болоталиевнанын пенделик жеке амбицияларынын кесепети, акыркы 30 жылда кыргыз тилин тыңгылыктуу өнүктүрө албай жүдөп-какап, ар кыл аш-той чаралардан өйдө көтөрүлбөй, арабөк аксап келген Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясына да өз көлөкөсүн тийгизбесе болду.
Ар кайсы акчалуу мансапкор менен үстөл кучактаган дилетантка кор болгон кыргыз тилим ай!" - дейт Гүлзат Аалиева.