www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыгыш Казакстан облусунда Dosjan temir joly ишканасынын 200дөн ашуун кызматкери маянаны 50 пайызга көтөрүүнү талап кылып, ай башынан бери ишке келбей жатышат. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Биздин кызматкерлердин төмөнкү эмгек акысы 180 000 теңге (болжол менен 400 доллар). Биз буга макул эмеспиз, 1-сентябрдан тарта жумушка чыкпайбыз. 200дөн ашык адамбыз, - деди темир жол башчысынын орун басары Куат Нурпейисов.
Жумушчулардын айтымында, кымбатчылык шартында алардын 180-200 миң теңге айлыгы эч нерсеге жетпей жатат. Ишкана жетекчилиги менен нааразы тарап жолугушуу өткөрүп, бирок бир пикирге келе алышкан жок.
“Астанадан жетекчилер келишти. Берип жүргөн убадалар да: келерки жылга чейин, 15 пайызга жогорулаганга чейин чыдап тургула деген сыяктуу сөздөр. Алар көп убада беришет, бирок иш жүзүндө эч нерсе аткарылбай жатат”, - деди Куат Нурпейисов.
Жумушчулардын айтымында, 1-сентябрда иш таштоо башталгандан бери "Шар - Усть-Каменогорск" багыты боюнча темир жол линиясы текшериле элек.
“Биздин жумушубуз – темир жолду, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө. Бул иштер бир нече күндөн бери аткарылбай келет. Бийлик буга көз жумуп жатат. Бул каттамда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер да жүрөт”, - деди нааразы болгон жумушчулардын бири.
Dosjan temir joly ишканасы 2005-жылы "Шар – Усть-Каменогорск" темир жол линиясын куруу жана эксплуатациялоо максатында түзүлгөн. Долбоордун максаты Чыгыш Казакстан аймагы аркылуу жүк ташууну оптималдаштыруу болгон.
Булак: NazarNews.kg