www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өткөрүлчү Азия оюндары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мелдештер Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасында өтүп, 40тан ашык өлкө катышат. Ага Кыргызстандан 230дан ашык адам барат.

"Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар. Азия оюндарынын программасына спорттун 42 түрү киргизилген. Кыргызстандык спортчулар 23 түрү боюнча катышат", — деди министрликтен.

Маалымат үчүн: Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Соңку ирет 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, Кыргызстандан барган улуттук курама команда эки алтын, алты күмүш жана 12 коло медаль алган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости