www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чыгара баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" шканасынын кызматкерлери учурда таштанды көп топтолуп калган аймактарда иштеп жатышат. Муниципалдык ишкана тарабынан оңдолуп жаткан техникалар жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Учурда Биринчи май районундагы линияда 14 атайын техника иштөөдө. Буга чейин пилоттук долбоордун алкагында бул аймактагы катуу таштандыларды чыгарууну "Эко Проф" компаниясы жүргүзгөн.

"Тазалык" МИси Биринчи май районуна сынак өткөрүлгөнгө чейин тейлейт.

Соңку учурда шаарда таштандыны өз убагында алып кетпей, ар жерде үйүлүп жатканы тууралуу дооматтар көп түшө баштаган. Август айынын башында пилоттук долбоор катары райондогу таштанды чыгарууну "Эко проф" ишканасына тапшыруу чечими кабыл алынган. Бирок тургундар топтолгон таштандылар андан дагы көбөйгөнүн айта башташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости