www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда, Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактарда эки күндөн бери кырдаал абдан чыңалган бойдон турат. Мамлекеттик чек ара кызматы 16-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетинде ок атышуудан Кыргызстандын бир чек арачысы каза болгонун билдирди. Учурда абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрүүдө. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун жана окуядан бир тажик жараны жаракат алганын билдирүүдө. Мекеменин малыматына караганда, 16-сентябрда кечки саат 18:45те Бабажан Гафуров районуна караштуу Оочу Калача айылынын Бахор деген жериндеги спорт аянтчасында белгисиз имараттын курулушу башталган. Тажикстандыктар Кыргызстандын жарандарына бул мыйзамсыз курулуш экенин эскертип, аны токтотууну талап кылышканы айтылат.

Тажик чек ара кызматы «кыргыз тарап макулдашууну бузуп, аталган жерге 250-300 аскерди жибергенин» да кошумчалаган.«Саат 19:00дө чагымга барып, Бахор маалесинин тургундарына каршы ок чыгарып, андан Тажикстандын бир жараны каза болду» деп айтылат Тажикстандын чек ара күчтөрүнүн билдирүүсүндө.

Кыргыз бийлигинин маалыматына караганда, 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогунда, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаган. Буга нааразы болгон кыргыз жарандары ошол аймакка чогулушкан. Чатактын алдын алуу максатында эки мамлекет ортосундагы чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн. Бул маселени жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ошол эле кезде Тажикстан кыргыз тарап Исфара менен Ворух анклавын байланыштырган жолго көзөмөл өткөрмө бекетин курганы жатканын жүйө келтирди. Алардын айтымында, Кыргызстан тарап курулуш иштерин башташ үчүн төрт вагон да орноткон.Кыргыз-тажик арасында чыр-чатактар улам кайталанып келет. Быйыл жыл башынан бери өзгөчө Баткен районунун Ак-Сай айылына жакын тилкеде көп чыр катталды.

Кыргызстандын чек ара кызматы 16-сентябрдын кечинде, Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышта курман болгон “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына көңүл айтты. Мекеме ал Максат айылындагы жаңжалда кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатометтон аткылоосунан көз жумганын белгилеген. Равшан Муминов 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

«Тажик тарап бир канча куралдан Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок чыгарган» деп айтылган Чек ара кызматынын маалыматында. Мекеме ошондой эле бул окуяда дагы алты аскер жаракат алганын, алар Исфана шаарындагы ооруканага жаткырылганын маалымдады.Буга чейин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта Максат айылына жакын жердеги атышта эки чек ара кызматкери жана аталган айылдын алты тургуну жаракат алганы айтылып жаткан.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы абал боюнча күч органдарынын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков чек арадагы абал боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөштү.Сүйлөшүү маалында Айдарбеков Баткен облусундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине тажик аскерлеринин ок чыгарышы кабыл алынгыс экенин билдирди. Айдарбеков тажикстандык аскерлер минометтон ок чыгарганына көңүл бурган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости