www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан АКШ президенти Джо Байдендин айткандарына байланыштуу нааразылык билдирди.

Байден 11-сентябрда Пенсильваниядагы өрт өчүрүү аймагына барганда Ооганстандагы учакка жармашып, учуп өлгөн оогандыктар тууралуу сүйлөгөн.

Анда ал “Эгер биз Тажикстанда С-130 учагын токтотуп, бизди жактыргандарга учакка түшкүлө десек шассиге асылган адамдарды көрмөксүңөр”, - деп билдирген.

Байдендин бул сөзүнө нааразы болгон Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрда Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчисин чакырып, нота тапшырды. Тажик тарап “мындай сөз эки өлкөнүн дос жана өнөктөш мамилесине туура келбейт”, - деп билдирди.

АКШ элчилиги учурда бул нааразылык нотасы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Эске салсак, 15-августта “Талибан” кыймылы Ооганстандын борбору Кабулду ээлеген. Мындан соң талибдердин өч алуусунан корккон миңдеген адамдар Кабул аэропорту аркылуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Алардын арасында АКШнын учактарына жармашып, абага көтөрүлгөн соң кулап, каза болгондор да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости