www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда аялдар эркектер менен чогуу бир жумушта иштебеши керек. Мындай пикирин "Талибан" кыймылынын өкүлү Вахидулла Хашими телеканалдардын бирине берген маегинде билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, талибдер эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай, өздөрүнүн ислам мыйзамдар топтомун ишке ашырууну улантып келет.

"Биз Ооганстанда шариат системасын ишке киргизүү үчүн дээрлик 40 жыл күрөш жүргүздүк. Ал эми шариат мыйзамына ылайык, эркектер менен аялдар чогуу жүргөнгө, бир чатырдын астында чогуу отурганга болбойт. Алар жумушта бирге иштей алышпайт. Бул ачык эле нерсе. Аялдарга биздин кеңселерге келип иш алып барууга болбойт", - деп билдирген Хашими.

Учурда интернет айдыңында "Жогорку даражадагы өкүлдүн бул пикири жалпы талибдердин көз карашын чагылдыргандай түр калтырууда. Бул чындап эле "Талибан" кыймылы түзгөн жаңы бийликтин ниетин билдиреби?" деген ойлор айтылууда.

Эске салсак, "Талибан" кыймылы буга чейин аялдардын билим алуусуна жана иштөөсүнө эч кандай тоскоолдук болбой турганын жарыялашкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости