www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кениндеги ишти токтотуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" билдирүү таратты.

Кыргызстандык компаниянин кечээки маалыматына караганда, канадалык ишкана өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында жаман көрсөтүүгө аракет кылууда.

"Кумтөр" эске салгандай, буга чейин кызматкерлердин электрондук маалымат базасын колдонуусуна бөгөт коюлган. Андан тышкары, "Кумтөр голд компани" ишканасынын электрондук базасындагы документтер өчүрүлгөн. Мындан улам салык төлөө, айлык жана башка документтерге тиешелүү иштер тоскоолдуктарга учураган. Компания Centerra ишканасына бир нече жолу кайрылганы менен документтерди калыбына келтирүү боюнча өтүнүчкө жооп болбой жатканын билдирди.

Ошондой эле канадалык компания жеринде жабдууларды орнотуу иштерин үзүлтүккө учуратуу үчүн АКШда сотко кайрылып, банкрот жарыялоо боюнча демилге көтөргөн. Бирок ошол эле учурда мурдагы келишимдерге ылайык товар жеткирүүчүлөр өз милдеттерин аткара беришкен.

"Анткен менен Centerra аларга кат жолдоп, "Кумтөр голд компаниге" метериалдарды жеткирүүсүн улантса сот алдында жооп берип каларын айтып коркутууга алышканы белгилүү болду. Негизи эле Нью-Йорктогу процесс Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүнө, аны Кыргызстандын сырттан башкарышына ачыктан ачык каршы чыгуу болууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Компаниядан маалымдашкандай, кендин иши токтосо миңдеген кишилердин жумушсуз калары, ишти кайра баштоо абдан татаал болору Centerra ишканасынын жетекчилигин кызыктырган жок. Маалыматка караганда, мындай ири ишкананын ишин кайра баштоо абдан көп каражатты талап кылат. Бул бир топ кризисти шарттайт.

"25-август күнү жергиликтүү ЖМКларга Centerra Нью-Йорк сотуна кайрылып, Кыргызстандан күнүнө 1 миллион доллардан талап кылгандыгы тууралуу маалыматтар тарады. Бул атайылап паника чыгаруу аракети. Чындыгында арызды сот карай дагы элек. Дүрбөлөң түшүүгө негиз жок", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр голд компани" анын туундуу ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызына Кыргызстан ээлик кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости