www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан 2023-жылдын башында Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчесине толук кошулат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министринин орун басары Жамшед Шоимзода маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республиканын түштүгүндө жана түндүгүндө айрым линиялар боюнча кошулуу, ошондой эле коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо иштери башталган. Шоимзода бул планды ишке ашырууга көптөгөн факторлор таасир этээрин айтты – тажик тарап ошол эле учурда бирдиктүү системанын коопсуздугуна жана туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурат.

Себеби, 2022-жылдын башында Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык борборунда авария болуп, анын кесепетинен Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын басымдуу бөлүгү электр жарыгысыз калган.

"Муну эске алуу менен өнөктөштөр менен бирге энергетикалык шакекченин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө", - деди Жамшед Шоимзода.

Буга чейин Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума бирдиктүү энергетикалык системага кошулуу жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары аркылуу ишке ашарын билдирген. Бул үчүн даярдалган адистер акыркы технологиялык жетишкендиктерди колдонушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости