www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-апрелде Орусиянын аба майданынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов калайман баш аламандык уюштурууга шектелип жатат. Мажитовдун жакындарынын айтымында, аны тажик бийлиги оор беренелер менен айып койгонун жана эл аралык издөөгө алынганын ал жаран Орусияга барганда билген.

«Жолдошум быйыл, 18-апрелде Орусиянын Нижный Новгород шарына иш издеп барган. Ал учактан түшөрү менен полицияга кармалган экен. Орус сотунун чечими менен 40 күнгө убактылуу кармоочу жайга киргизилиптир. Чогуу баргандар кабар беришти. Учурда адвокат жалдап, зарыл болгон кагаздарды жөнөтүп жатабыз.

Кармалган себебин тажик тараптын эл аралык издөөгө алуу өтүнүчү менен ишке ашканын айтышкан. Колдон келген аракетибизди жасап жатабыз бирок бийлик жардам бербесе маселе кыйын болчудай», - дейт Мажитовдун аялы Айзада Хамдамова.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова бул ишти Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура көзөмөлгө алганын билдирди. Маалыматка ылайык, Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакта турат. Өткөн жылы анын үйүнө жакын жерде чек арада чыр чыгып, эки тараптан ок атышуу болуп, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен үй-жайы калыбына келтирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости