www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан ушул күндөрү Кыргызстандын "Эдельвейс" полигонунда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) машыгуусуна аскерлеринин катышпай жаткан себебин айтты. Жергиликтүү "Asia-Plus" басылмасы өз булактарына таянып жазганына караганда, "Рубеж-2021" машыгуусу өтүп жаткан күндөрү Тажикстанда аскерлердин катышуусунда бир катар иш-чаралар пландалган. Эгемендиктин 30 жылдыгына карата ири шаарларда парад өтөт.

"Тажикстан бул машыгууга такыр эле кол шилтеп койгон жок. Ага өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жогорку офицерлери байкоо салып турат", - деген аталган басылманын өздүк булагы.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен “Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуусу Кыргызстандагы “Эдельвейс” полигонунда 7-9-сентябрь күндөрү өтөт.

Ага Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин армиясы катышат. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат.

Эске салсак, 6-сентябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев депутат Анвар Артыковдун суроосуна жооп берип жатып Тажикстандын аскерлери машыгууга катышпай турганын билдирген. Анын себеби айтылган эмес. Кирешеев кыргызстандык аскерлер жакын арада Тажикстанда өтө турган кезектеги машыгууга бара турганын кошумчалаган.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости