www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ армиясынын Биргелешкен штабдарынын кол башчысы Марк Миллей Ооганстан кеңири “жарандык согуш” коркунучуна кептелгенин эскертти.

“Талибан” бийликти канчалык консолидациялап, башкаруусун орнотууга канчалык кудуреттүү болорун билбейм, - деди генерал Германиядагы америкалык базада сүйлөп жатып.

Миллей талибдер ага жетише албаса, “Ал Каида” жана “Ислам мамлекети” террордук уюму же башка экстремисттик топтор жакынкы үч жылда баш көтөрүшү ыктымал деп кошумчалады.

Ал тапта Кошмо Штаттар кеминде 50 миң ооганды кабыл алат деп күтүлгөнү кабарланды. АКШ Ички иштер министрлиги билдиргендей, программа терроризмге каршы согушта америкалык аскерлерге көмөктөшкөн оогандарды алып чыгууну көздөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости