www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан жана Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу маселелер бүгүн, 7-сентябрда Баткенде онлайн форматта өтүп жаткан тегерек үстөлдө талкууланып жатат.

Демилгечилер "Инсан-Лейлек" коомдук фонду жана "Сорос-Кыргызстан" фонду.

Аталган уюмдардын колдоосу менен Баткендеги жалпыга маалымдоо каражаттарында эки айлык иликтөө жүргүзүлгөн. Ага катышкан респонденттердин дээрлик 80% Тажикстан жана Ооганстандагы кырдаалга кабатыр экенин билдиришкен. Чектеш айылдардын тургундары күнүмдүк турмушта адам өмүрүнө коркунуч алып келген чыр-чатактар тобокелдигинде жашап келе жатканы, балдарынын келечеги үчүн кооптонушары иликтөөдө аныкталган.

Сурамжылоодо чек ара чатактарынан башка көйгөйлөр тууралуу да суроо узатылган. Уюштуруучулардын белгилөөсүнө караганда, талкууда аймактагы куралдуу жаңжалдан кийинки кооптондурган, талылуу бардык маселелер көтөрүлөт.

Тегерек үстөлгө мамлекеттик кызматкерлер, көз карандысыз эксперттер жана жергиликтүү активисттер катышууда.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Жүздөн ашуун адам түрдүү жаракат алган. Чектеш айылдардагы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакчалар, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости