www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Панжшерде талибдерге каршылык көрсөтүп жаткандардын лидери Ахмад Масуд фронт акырына чейин, Афганистан бошотулмайынча күрөшө берерин билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымына караганда, каршылык күчү дагы деле Панжшерде талибдер менен согушууда.

"Фронт акыркы чекитке чейин, акыркы ирмемдерге чейин, Афганистан бошотулуп, эл жеңмейин күрөшө берет", — деди Масуд.

Ал афганистандыктарды "Талибанга"* каршы көтөрүлүп чыгууга үндөдү.

"Мекенибизди бошотуу үчүн каерде болсок да көтөрүлүп чыгууга үндөйм. Ар бириңиздер колдон келишинче каршылык көрсөтүңүздөр", — деди фронттун лидери.

Ал ошондой эле чет элдик күчтөр талибдер менен биригип алып Афганистандын элине каршы чыгып жатканын кошумчалаган.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Панжшер провинциясы Афганистанда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан жалгыз аймак болчу. Террордук кыймыл бул провинцияга согуштук операциясын сентябрда баштаган.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости