www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн айылдар таза суу менен камсыз болгон эмес. Ошондой эле, жети жүздөн ашык айыл-кыштактарда алтымышынчы жылдары салынган суу түтүктөрү эскирип бүттү.
Жалпысынан суу түтүктөрүн жаңыртуу жана салууга миллардаган каражаттар керектелет. Ал эми эл аралык донорлор айрым аймактарды таза суу менен камсыз кылып беришкен.
Калкты таза суу менен камсыз кылуунун чечилбей жаткан көйгөйлөргө ким көңүл бурат?
Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бөксө-Жол айылында таза суу жок. Тургундар айласыз арыктагы кир суу ичүүгө аргасыз. Кээде алыс жактардан суу ташып келишет.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, бул маселе көп жылдан берки көрүнүш. Анын айынан карапайым элдин кайрылбаган адамдары, какпаган эшиктери калган эмес.
Айыл өкмөт, аким да бул маселени чече албай койду деген айылдын тургундары тийиштүү органдарга жана президент Садыр Жапаровго маселени чечип берүүнү суранышты.
Бөксө-Жол айылынын жашоочусу Гүлниза Жанузакова алыс жактагы арыктан суу ташып келип, аны тундуруп колдонот. Бирок, бул суусу ичкенге гана жетээрин айтат. Ал эми айылдагы балдар кир суу ичкендиктер ичтери ооруп жатат дейт.
--“Мен ушул айылдагы Анар көчөсүнүн башында жашайм. Тилекке каршы бизге суу келбейт. Себеби, аз гана суу болгнондуктан бизге чейин эле какшып түгөнөт. Айла жок алыс жактагы арыктан балдарым менен ташыйм. Ал ылай сууну тундуруп чайга, тамакка колдонобуз. Ал эми кир жууганга, башка оокаттарга колдонгонго ал жетпей калгандыктан туугандарыма киримди ташып, жууп келем.
Айрыкча ысыкта айылда суу жок чаңкатып, элди ашыкча түйшүккө салды. Чоң суудан суу ичебиз андан өлгөн малдардын сөөктөрү чыгып жатат. Өзүм бала бакчада эмгектенем. Бизде тарбияланган балдар булганган суунун кесепетинин ичтери ооруп жатат”, - дейт Жанузакова.
Ал эми Бөксө-Жолдуктар айылга келген суулары жыргатып баарына тегиз жетпегенин айтышат. Арыктагы сууну тундуруп ичип жашап калдык, анын айынан ар кандай ооруларга кабылып, ден-соолугубуздан айрылып жатабыз дешүүдө.
Увалы Байбачаев 60 жылдан бери чечилбеген меселе экенин кошумчалады.
--“Мен ушул айылда туулуп, өстүм. Ошондон бери эле ушул чоң маселе. Бир дагы айыл өкмөт башчы же президенттер чечпей келишет. Жай келгенде эле суу тартыштыгы күч алат. Анан эл кыйкырып кала берет. Чоң каналдардан, башка айылдардан суу ташууга мажбур болобуз. Эми ушул көйгөй чечилип калса деген тилек менен өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылабыз”, - дейт тургун.
--“Бир маал гана суу беришет. Же анысы баарына жеткиликтүү келбейт. Аны токтотуу боюнча дагы эскертүү беришпейт. Каалаган учурда токтотуп коюшат. Ошого чейин чака-чайнектерибизге болушунча толтуруп алабыз. Бирок ал ичкенге араң жетет. Мен коңшу айылдагы туугандарыма барып кирлеримди жууп, балдарымды жуунтуп келем”, - дейт айыл жашоочусу Турсун Жумабаева.
Мырзабек Арымкулов Бишкек-Ош жолун бойлоп аккан чоң суудан айылдагылар суу ичээрин айтат.
--“Бизде суунун жоктугунан аялдарыбыз оокат кылгандан кыйналышат. Мына Бишкек-Ош жолун бойлой аккан чоң суу биздин айылдын баш жагына келет. Бирок, ал жактан ар кандай малдардын чириген сөөктөрүн таап жатабыз. Кечээ жакында эле биз ичкен суудан айылдагы балдар өлгөн жылкынын, уйдун жана иттин сөөктөрүн табышты. Алар канчадан бери жатканын ким билсин? Балдарыбыздин ичи ооруп, ден-соолугубузга зыян келтирип, кандай гана ооруларды жуктуруп жатабыз? Азыр кимге кайрылаарыбызды дагы билбей калдык”, - дейт ал.
--“Айылга бир маал гана суу беришет. Же анысы баарына жеткиликтүү келбейт. Аны токтотуу боюнча дагы эскертүү беришпейт. Каалаган учурда токтотуп коюшат. Ошого чейин биз суу толтурганга жетишпей калабыз. Акчасын төлөп, бирок жеткиликтүү суу ала албайбыз. Быйыл суунун башына чейин барып отурабыз. Биздин үнүбүздү кимге эч кимге жетпей калды”, - дейт Айганыш Бегимкулова.
Алар суу бөлүштүрүүдө башаламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатат дешүүдө.
--“Айыл өкмөт башчыбыз иштебейт, канча аким келип кетти. Бул маселени чечип беришкен жок. Жергиликтүү бийлик же суу чарба башкармалыгы ушул маселени эрте чечип берип, карапайым калкка жардам көрсөтсө болмок.
Талды-Булак айыл аймагынын мурдагы башчысы биздин сөзүбуздү укчу эмес. Азыркы жетекчиси Белек Жээнбек уулу дагы бул маселеге кайдыгер карап жатат. Ал иштеп жатам, долбоор даярдалып, каралып жатат дейт. Же бир жыйынтыгы жок. Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн сөзүн сүйлөшөт. Биз аларды элдин көйгөйүн чечсин деп шайлаганбыз. Долбоордун аркасы менен таза суу чыгат дегендерине 10 жыл болду”, - дейт Бөксө-Жолдук Гүлмира Мамбекова.
Кайырма айылынын башчысы Маликайдар Турдукулов Бөксө-Жолдо суу маселеси чечилбей келгенин суу түтүктөрүнүн жараксыз болгону менен байланыштырат.
--“Кыргызстанда мындай көйгөй ар бир эле аймакта болсо керек. Мен суу тармагында дагы көп жыл иштедим. 1960-жылдары орнотулган суу түтүктөрү азыркыгы чейин жаңыртылган эмес. Керек болсо жаңысы дагы коюла элек. Ошондуктан алардын эскилиги жетти. Өлкөдө кыйынчылыктар болуп бирине жеткирсе бирине жетпей, каражат тартыш болуп келет”, - дейт ал.
Талды-Булак айыл аймагынын башчысы Белек Жээнбек уулу азыркы учурда атайын долбоор даярдалып, жакынкы аралыкта ал ишке ашып баштайт дейт.
--“Таза суу менен камсыз кылуу биздин айыл өкмөттүн негизги жумушу. Жайыттарды суугаруу дагы бул чоң көйгөйлөр бар. Мага чейинки айыл башчылар деле муну чекенге аракет кылганы менен аягына чыккан эмес. Келип эле акчага такалат. Биз долбоорду депуттарга, тишелүү жактарга жөнөткөнбүз. Мен дагы муну чечүүнүн амалдарын көрүп, аракет кылып жатам. Эрте чечилип калса жакшы болмок”, - дейт Жээнбек уулу.
Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким Торогелди Туркбаев чоң суудан келген ылай калдыгы калың болуп, нормадан ашып кеткенин айтты. Ошону менен катар Бөксө-Жол айылына барып, таза суу көйгөйү менен жеринен таанышып келгенин кошумчалады.
--“Мен Жайыл районунан аким болуп келгенда ар бир айылга, тоолоруна чейин барып жакындан тааныштым. Дыйкандар айдоо талаалары суу жетпей күйүп баратканын айтышкан.
Чындыгында суу быйыл жылдагыдан аз келип, мындай жагдайдан улам дыйкандардын эгин-тегини күйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралып жатат.
Ал эми Бөксө-Жолго барганда айылдыктарга суу жеткиликтүү болбой жатканын көрдүм. Сосновкадан ары жайгашкан суу бөлүштүрүүчү түйүнүнө чейин бардым. Ал жердеги суу түтүктөрү ылайланып, аябай кир болуп, ичкенге жараксыз болуп калыптыр. Ошого карабастан айылдыктар айла жок ичкенге аргасыз болушууда. Аларды көрүп, ишти тездетүү үчүн болгон аракетти көрүп жатам. Тиешелүү жактарга кайрылып, долбоорду ыкчам ишке ашырууга, далаалат кылуудамын. Мындай көрүнүш республиканын бардык региондорунда бар. Ошондуктан донорлор дагы кезек менен муну ишке ашырат. Анын дагы өзүнүн нормалары бар. Ошого жараша суу чыгарылат. Бөксө-Жол айылында таза суу чыгаруу болжол менен 3 жылда аяктап калат”, - дейт аким.
Мындан тышкары, Торогелди Туркбаев калк менен иш алып барууда жигердүү иш алып барып жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда 645 айылда таза суу көйгөйү чечиле элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 6-сентябрдагы жыйынында, таза суу жеткирүү жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Достукбек Ободоев билдирди.
Анын ичинен 364 айылга таза суу жеткирүү үчүн каржы булагы тактала элек. 281 айылга суу жеткирүү сырткы донорлордун эсебинен жүргүзүлөт.
Акыркы үч жылда 177 айылга суу жеткирүү маселеси чечилген.
Булак: NazarNews.kg