www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-ноябрдагы парламенттик шайлоо күтүүсүз болуп, партия лидерлерин шок кылат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев айтты. Ал "Преференциалдуу система: шайлоочулардын чыныгы эрки же саясий туруксуздукка карай жол" деп аталган тегерек столдо сүйлөгөн.

Иш-чара аймактык эксперттердин "Пикир" деп аталган клубу тарабынан уюштурулду.

Мурдагы эл өкүлүнүн айтымына караганда, шайлоонун жаңы системасы саясий партиялар институтуна сокку урушу мүмкүн.

"Мен шайлоодон коркпойм, андан кийин эмне болот, ошону айтып жатам. Күтүүсүз жыйынтыктан жана сыртта калганы үчүн партия лидерлери шок болот. Заводдордун ээлери, бизнесмендер, мансаптуу таанышы барлар өтүп кетет. Мыйзамдын кемчиликтери көп. Ал саясий партияларды урата турганын көрсөтүп жатат", — деген пикири менен бөлүшкөн Масалиев.

Партиялык тизме менен добуш берүү сунушу жымсалданган бир мандаттуу система эле болуп калууда деп сөзүн жыйынтыктаган экс-депутат.

Жаңы тартипте өтчү парламенттик шайлоо

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Өлкөгө добуш берүүнүн аралаш системасы киргизилүүдө. Бири партиялык тизме менен (54 мандат), экинчиси бир мандаттуу округ менен (36 мандат) өтөт. 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституция боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости