www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз батиринде сабалган 40 жаштагы бишкектик келин ооруканада каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

26-августта милицияга О.С. аттуу 40 жаштагы аял башы жарылып, кабыргасы сынып, ар кандай жаракаттары менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна түшкөнү тууралуу маалымат келген. Жабырлануучу өзүнө келе албай, ооруканада үзүлгөн.

Шектүү

Милиционерлер маркумдун төртүнчү кичи райондогу батиринде чогуу жашаган кишиси менен чырдашкандыгын аныктады. 

"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү ("Денеге байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Кылмышка шектүү катары маркум менен чогуу жашаган 50 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости