www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ Пакистандын жарандары боюнча түшүндүрмө берди

Пакистандык туристтер Кыргызстанга электрондук виза менен келишет. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, пакистандык туристтер анкета толтургандан кийин УКМК 5 күндүн ичинде алардын маалыматын текшерип, өлкөгө кирүүгө уруксат берет же бербейт.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 1-январдан 1-сентябрга чейин 9917 пакистандыкка электрондук виза берилген.

«Пакистандын жарандары Кыргызстанга туристтик виза менен келишкендиктен, алар бул жакта 1 ай жүрө алышат. Алар каттоого алынбайт. Чек ара кызматы өлкөгө киргени жана өлкөдөн чыкканы тууралуу мөөр гана басат. Туристтик компаниялар алардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартып берип жатышканы тууралуу маалымат бар», - деди Артыбаев.

Анын айтымында, коомчулуктун пикирин жана коопсуздукту эске алып, Пакистандын жарандарына виза берүү токтотулган. Бир жумадан бери Пакистан менен Индиянын жарандарына виза берилбей эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости