www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда коронавирус инфекциясынан каза болгон кишилердин саны 80ге жетти. Өткөн суткада дагы бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, 15-октябрга карата COVID-19 вирусун жуктургандар 10 миң 374 кишини түздү. Бир күндө 38 жаңы учур катталды. 9317 киши же ооругандардын 89,9% айыкты

Бирок тажикстандыктар чыныгы сан мындан алда канча көп деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Тажикстан 2020-жылы 30-апрелде өлкөдө коронавирус инфекциясы бар экенин мойнуна алган. Өлкөдө дагы деле беткап режими сакталууда. Беткапсыз жүргөндөргө айыппул салынууда.

Эске салсак, бийлик июнь айында коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар азайганын жарыялаган. 15-июнда Тажикстанда соода жана оюн зоок борборлору, базарлар, ресторандар, сулуулук салондору, мейманканалар жана спорткомплекстер, мектептер, жогорку окуу жайлар иштеп баштаган, үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүгө уруксат берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости