www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жашы жете элек кыз тонолгондугу тууралуу маалымат тарады. Мындай кабарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-октябрында А.Навои көчөсүндөгү балдар аянтчасынын маңдайынан өспүрүмдөр коркутуу жолу менен 2007-жылы туулган жергиликтүү тургун Ж.С.нын уюлдук телефонун, наушнигин жана 1000 сомун тартып алышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (тоноо) фактысы боюнча катталган.

13-октябрда Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тоноочулукка шектелген Жалал-Абад облусунун тургуну 2003-жылы туулган А.кызы Г. жана 2006-жылы туулган Л.О. кармалган.

Кыздардын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталууда. Сотко чейинки процесстер башталды.  

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости