www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында 1-класстар аралыктан окумай болушту

Жалал-Абад шаарындагы 1-класстын окуучулары белгисиз мөөнөткө чейин мектепке барышпайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 1-класстар да башка класстын окуучулары сыяктуу аралыктан окуп турушат.

“Бул чечим Жалал-Абад шаарында коронавирус илдетинин кескин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды. Андыктан ата-энелерди кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, балдардын билим алуусун үйдө улантууга чакырабыз. Кайсы убакыттан тартып мектептен билим алууга уруксат бериле турганы илдеттин көрсөткүчүнө карап белгилүү болот”, – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости