www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коргоо министрине Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы чек араны бекемдөө үчүн 20 миң аскерди мобилизация кылууну тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек араны коргоо максатында чек араны кайтаруу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана кошумча талап кылынган аймактарга аскер күчтөрүн жөнөтүү тапшырылган. Ошондой эле Рахмон чек араны чыңдоо менен катар мамлекеттик чек арадагы укук бузуулардын алдын алууга, анын ичинде кылмыштуулуктун, терроризмдин, экстремизмдин жана баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алууга өзгөчө көңүл бурууну буюрган.
Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.
1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.
Булак: NazarNews.kg