www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Душанбе бийлиги шаардын борборунда жайгашкан президенттик аппараттын мурдагы имаратын түрттүрөт. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Совет мезгилинде 1957-жылы курулган бул имаратта өлкөнүн Коммунисттик партиясынын борбордук комитети жайгашкан. Үч жыл мурда ал жерге Душанбе мэриясы көчүп барган.
Февралда калаа башчынын орун басары Махмадсаид Зувайдзода президенттик аппараттын мурдагы имаратын бузуу шаардын башкы планында каралганын билдирген.
Ал ортодо жергиликтүү активисттер бир катар тарыхый чечимдер кабыл алынган жана архитектуралык баалуулукка ээ имараттын түрттүрүлүшүнө каршылык билдиришүүдө.
Өз кезегинде аткаминерлер менен архитекторлор Душанбедеги 10го жакын гана имаратты тарыхый эстелик жана маданий мурас деп эсептесе болорун, калган эски имараттардын бардыгы бузулушу керектигин айтышууда.
Булак: NazarNews.kg