www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада оорукана курулушунда каза болгон кыргызстандык газга ууланган. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Россиядагы ЖМКлар Москва шаарынын Бабенки айылында коронавируска чалдыккандар үчүн курулуп жаткан инфекциялык оорукана күйүп кеткенин маалымдаган. Кырсыктан бир адам каза болуп, ал Кыргызстандын жараны экендиги да айтылган.
Элчилик маркум Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган 39 жаштагы кыргызстандык экенин маалымдады.
"5-апрелге караган түнү Москва шаарынын Троицк жана Новомосковская аймагындагы курулуш жайында жумушчулар жаткан чатырда жылыткыч өрттөнгөн. Анын кесепетинен кыргызстандык жаран газга ууланып каза болгон. КР элчилиги менен Россиянын миграция кызматынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жумуш берген тарап каза болгон адамды акыркы сапарга узатуу иш-чарасына кеткен каражатты жаап, компенсация төлөп бермей болду", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg